Путин "Простоквашино" мультсериалынын каарманына айланышы мүмкүн (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин орус маданиятын дүйнөгө таанытуу үчүн "жумшак күчтүн" куралы катары кызмат кыла турган "Простоквашино" мультсериалында каарман болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда "Союзмультфильм" киностудиясынын директорлор кеңешинин төрайымы Юлиана Слащева билдирди.

Ал бул идеяны ага Индонезиянын Modena Corporation компаниясынын аткаруучу вице-президенти Майкл Жизара бергенин моюнуна алды.

"Простоквашино" мультсериалында Владимир Путиндин образынын пайда болушу Кремлдин макулдугун талап кылбайт. Буга орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков көңүл бурду. Песковдун айтымында, эң негизгиси балдар үчүн кызыктуу болушу керек.

20.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан