Кечээ, 19-июнда Бишкекте күндүз абанын температурасы 38 градуска чейин көтөрүлүп, кечке жуук жамгыр жаап баштады. Катуу шамал жана күн күркүрөө болуп, Бишкекте бир үйгө чагылган түшкөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иш алып барышты. ӨКМ бул тууралуу расмий билдирүү бере элек. Жабыркагандар тууралуу да маалымат берилген жок.