Жайкы эс алуу мезгилинин башталышы менен Ички иштер министрлиги жарандарга турак жайларын уурулардан коргоо чараларын көрүүгө чакырат.
Ыкчам кырдаалдын талдоосу көрсөткөндөй, жай мезгилинде турак жай ээлери үйдө жок учурда уурулуктун саны көбөйөрү байкалууда. Уурулар узак убакыт бою эч ким келбеген жана эч кандай көзөмөл жок үйлөрдү тандашат.
Өз мүлкүңүздү коопсуз кылуу үчүн ИИМ төмөнкү сунуштарды берет:
ИИМ эскертет: Сактык - сиздин мүлкүңүздүн сакталышынын кепилдиги. Турак жайга уруксатсыз кирүү аракеттери же башка шектүү иш-аракеттер байкалган учурда ички иштер органдарына 102 кыска номуру аркылуу тез арада кабарлаңыз.