Чүй облусунун Ала-Арча жаратылыш паркынын Рацек чокусунан өзүн жаман сезген чет элдик айым куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2002-жылы туулган М.В. аттуу Польша мамлекетинин жаранынын чокудан түшүп келе жатып абалы начарлаган.
Аталган паркта нөөмөттө турган ӨКМдин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 4 куткаруучусу барып, ал жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, республикалык инфекциялык оорукананын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.