Бүгүн, 20-июндан тарта Кыргыз-Казак чек арасына жакын жайгашкан "Ак-Жол унаа жолу" фитосанитардык көзөмөл пункту кайра ишке кирип жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, бул чара өлкө товарларынын экспортун жогорулатат деп күтүлүүдө.
Пункттун ачылышы учурдагы өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүнү азайтып, айыл чарба продукциясынын агымын көбөйтүүгө жардам берет. Бул өз учурунда фитосанитардык көзөмөлдүн сапатын жогорулатат дешет жооптуулар.
Бул пунктту ачуу айыл чарба продукциясынын коопсуздугун камсыздоо, көзөмөлдүн натыйжалуулугун арттыруу, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана товарларды убагында өткөрүп берүү менен кечиктирүүлөрдүн алдын алуу үчүн зарыл кадам болуп саналат.