Израил Тегеран жана Решт шаарларына сокку урду

Израил Ирандын түндүгүндөгү Каспий деңизинин жээгиндеги Решт шаарынын чет жакаларына сокку урду. Бул тууралуу Ирандын Гилан провинциясынын губернаторунун орун басары Али Багери билдирди.

"Бүгүн эртең менен Решттеги Сефидруд технопаркынын аймагына душман аскерлери тарабынан чабуул жасалды",- деп билдирди чиновник.

Ошондой эле Израилдин Коргоо күчтөрү өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн 60тан ашык аскердик учагы Тегерандагы ондогон аскердик объекттерге сокку урганын кабарлады.

"Ондогон буталарга, анын ичинде ракеталарды чыгаруучу аскердик өнөр жай объекттерине жана өзөктүк куралды изилдөө жана иштеп чыгуу менен алектенген Spand компаниясынын штаб-квартирасына чабуул жасалды",- деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан