Элина Абай кызы көргөзмөгө элечек кийип чыгып элди суктантты

Бишкекте 19-июнда этнодизайнер Асел Калканованын уюштуруусунда "Кыргыз элечек - Жибек жолунун жүрөгү" аталышында көргөзмө өттү. Анда актриса Элина Абай кызы элечек кийип чыгып көпчүлүктү суктантты.

Иш-чараны Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги расмий түрдө ачты.

"Улуттук өзгөчөлүктөрдү, өз элибиздин көркөм дүйнөсүн дүйнөгө таанытып жатканыңыз чоң урматка арзыган эмгек. Сиздей таланттуу инсандардын артынан элибиздин мурасы жоголбой, тескерисинче, жаңыча өң алып, уланууда. Ишиңиз дайым берекелүү болсун, чыгармачылыгыңызга түбөлүк дем-күч каалайм!",- деп жазды Абай кызы социалдык тармактагы баракчасына.

Күйөрмандары "Көргөн көздөрүм сүйүндү", "Бар болуңуз, сизди сыйлайбыз", "Эл сагыныптыр сени Элина", "биздин Курманжан Даткабыз" деген сыяктуу жылуу пикирлерди жазышты.

Элина Абай кызы
Абай кызы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан