АКШ Иранга каршы өзөктүк курал колдонуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт

Вашингтон Ирандын Фордодогу уранды байытуу боюнча жер астындагы объектине сокку уруу үчүн тактикалык өзөктүк куралды колдонууну четке какпайт. Бул тууралуу бейшемби күнү Fox News телеканалынын журналисти Жеки Хайнрик Ак үйдүн өкүлүнө таянып билдирди.

Буга чейин The Guardian гезити АКШ президенти Дональд Трамп бул объектке сокку уруу үчүн тактикалык өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырбай турганын жазган.

"Ак үйдүн расмий өкүлү мага бул басылманын жазганы чындыкка коошпой турганын, америкалык аскерлер Фордо объектин жок кылуу үчүн тактикалык өзөктүк курал колдонуу мүмкүн экенин айтты",- деп жазды Хайнрик X социалдык тармактагы баракчасына.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын командасы Иранга каршы аскердик чабуулга катышууга макулдук бергенин америкалык журналист Сеймур Херш маалымдаган. Анда негизги бута болуучу аймактардын арасында Фордо шаарындагы өзөктүк завод да бар экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан