АКШда адамды ВИЧтен толук коргой турган вакцина жасалды. Жылына болгону эки жолу гана укол алуу жетиштүү экенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Yeztugo деп аталган каражат 7 миң ыктыярчынын катышуусунда эки этаптык тестирөөлөдөн өткөн. Анда ал өзүнүн 99-100 пайыз эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Ал корголбогон жыныстык катнашта да вирустун жугушун толугу менен бөгөттөйт.
Дары каражатын иштеп чыгуу дээрлик 20 жылга созулганы айтылды. АКШда вакцина жылдын аягына чейин чыгарылып, кийинчерээк башка өлкөлөрдө да жеткиликтүү болору маалымдалды. Эки жолу укол алуунун баасы 28 218 долларды түзөт.