"Манчестер Сити" көп жолу оюнду кеч баштаганы үчүн ири айыпка жыгылды

Англиянын Премьер Лигасы "Манчестер Сити" клубун 2024-2025-жылдагы сезон учурунда регламентти бузганы үчүн 1 миллион 80 миң фунт стерлинг (орточо 122 миллион сом) айыпка жыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Клуб Премьер Лиганын эрежесин бузган, тактап айтканда, оюнду убагында баштаган эмес жана экинчи таймды кечиктирип баштаган. Бул мыйзам бузуулар бир эле жолу эмес, 9 жолу кайталанган. Ар жолу үчүн айыптын суммасы жогорулай берген:

  • Биринчи жолу - 40 миң фунт стерлинг;
  • Кийинчерээк 80, 100, 125 миң;
  • Сегизинчи жолу - 210 миң;
  • Тогузунчу жолу - 190 миң.

Былтыр 26-октябрда "Саутгемптон" менен болгон оюндун экинчи таймы 2 мүнөт 10 секунд кеч башталган. Ал эми 15-декабрда "Манчестер Юнайтед" менен болгон оюнда тайм да, оюн да кечиккен.

Учурда "Манчестер Сити" командасына карата 100дөн ашык каржылык мыйзам бузуу боюнча териштирүү жүрүп жатат. Эгер күнөөлүү деп табылса, клуб аталган лигадан чыгарылып калышы мүмкүн. Бирок "Манчестер Сити" мунун баарын четке кагууда.

Бул сезондо "Манчестер Сити" биринчи жолу бир да трофей утпай калды:

  • Англия чемпиондугунда – 3-орун;
  • Англия кубогунун финалында "Кристал Пэластан" жеңилип калды;
  • Лига кубогунда 1/8 финалда "Тоттенхэмге" утулду;
  • Чемпиондор Лигасынан биринчи плей-офф баскычында "Реал Мадридге" утулду.

Азыр клуб АКШда өтүп жаткан клубдар чемпиондугуна катышууда. Биринчи оюнда алар марокколук "Видад" командасын 2:0 менен жеңишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан