Чүй облусунун "Ысык-Ата" курортуна бара жаткан жолдогу Карагай-Булак айылында сел жүрүп жатат.
Сел менен агылган таштар, ылай суу унаалардын жүрушүнө тоскоолдук жаратууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облустагы кызматкерлери айдоочуларга жардам берип жатышкандыгы айтылды.