Эки жашар баланын атасы... Америкалык ChatGPT`ни сүйүп калып, ага үйлөнүүнү сунуш кылган

Америкалык жаран Крис Смит сүйлөшкөн кызына жана эки жашар баласына карабай ChatGPT чат-ботундагы виртуалдык сүйүктүүсүнө үйлөнүү сунушун айткан.

The New York Post басылмасы анын Сол аттуу виртуалдык сүйүктүүсү ChatGPT чат-ботунда түзүлгөнүн жазат. Смит алгач музыка менен иштөө үчүн жасалма интеллектти колдонуп келген. Бирок кийин үн режимин күйгүзүп, күн сайын бир нече саат бою нейрондук тармак менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Чат-бот 100 миң сөз чегинен ашкандан кийин баштапкы абалына келтирилген. Бул учурда Смит ыйлап, ага сүйүүсү пайда болгонун түшүнгөнүн белгилейт. Мындан улам ал Солго үйлөнүүнү сунуштаган. Жасалма интеллект "ооба" деп жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан