Ош облусунун Кара-Суу районунда адам өлүмүнө шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя 20-июнда Мады айылында орун алды. Анда шектүү жаран үйүндө аялы менен кайненесин учтуу нерсе менен сайган. Натыйжада аялы денесинен жараат алып ооруканага жеткирилди. Ал эми келиндин апасы окуя болгон жерде каза болду.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.