2013-жылы 26-декабрда Бишкек ШИИББи тарабынан “Көпөлөк”
рейди жүргүзүлгөн.
"Түнкү көпөлөктөрдүн" жана алардын кардарларын
ВИЧ-инфекциясынан текшерүү максатында жүргүзүлгөн иш-чарада жыныстык кызмат
көрсөткөн 4 жайдан 61 сойку жана алардын кардарлары кармалып, ВИЧ-инфекциясы
жана жыныстык жугуштуу оорулар боюнча анализ тапшырышкан.
Кармалган 61 кыздын ичинен 34үнүн
дени сак (5 кыз кайра анализ тапшыруусу керек) болсо, 23 кыз ВИЧ илдетине жана
жыныстык жол аркылуу жугуучу ооруга чалдыкканы аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
“Инфекцияны
жугузгандар дарыланууга жөнөтүлдү. Алар акысыз дарыланышат. Эгерде жумуштарына
кайтып келишсе, аларга карата кылмыш иши козголот” деп айтылат маалыматта.