Иран менен Израил бири-бирине ракета жана учкучсуз учактар ​​менен сокку урууда

Иран Израилге 25 баллистикалык ракета менен сокку урду. Алардын бири Хайфада кулап, жарадарлар бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Бул арада Израилдин авиациясы Ирандын бир катар шаарларына сокку урду. Кум шаарына жасаган соккусунан эки киши каза болуп, төртөө жарадар болгону маалымдалды. Ирандын өзөктүк программасы боюнча иш алып барган ишканада иштеген бир жаран каза болгондугу болжолдонуп жатат.

Кум провинциясында Ирандын эң чоң жана эң корголгон ядролук инфраструктуралык объектилеринин бири болгон Фордо бар. Ядролук изилдөө комплекси жайгашкан Исфаханда да жардыруулар угулду.

Эртең менен Израилдин Коргоо күчтөрү 21-июнь, ишембиге караган түнү өлкөнүн борбордук бөлүктөрүнө Иран тараптан сокку болуп, ал тарапка жооп иретинде жаңы аба соккуларын жарыялаганы маалымдалды. Анда Тель-Авивдеги имараттын чатырына ракета кулап, үй өрттөнүп кеткен, жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан