Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай уулу UFCдеги үчүнчү жеңишине ээ болду.
Кыргызстандык мушкер 22-июнга караган түнү Азербайжандын Баку шаарында өткөн "UFC on ABC: Hill vs. Rountree Jr." турниринде беттешти. Оролбай уулунун атаандашы UFCде дебют жасаган азербайжандык мушкер Тофик Мусаев болду.
Алгач беттеш 70,3 килограммга чейинки салмак категориясында өтөт деп пландалган, бирок салмак өлчөө аземинде беттеш 75 килограммга чейинки салмакта болору белгилүү болду.
Оролбай уулу биринчи раунддун 4 мүнөт 37 секундасында колун оорутуп кармап жеңип алды.
Оролбай уулу UFCде төрт беттеш өткөрүп, үчүнчү жеңишине ээ болду. Ал 2023-жылдын ноябрында сербиялык Урош Медичти жеңип, дүйнөнүн эң мыкты лигасында дебют жасаган. Андан кийин 2024-жылдын май айында бразилиялык Элвис Бренер менен беттеште биринчиликти сууруп чыккан. Ошол эле жылдын октябрь айында польшалык Матеуш Ребеккиге утулуп, бирок "Түндүн мыкты беттеши" үчүн 50 миң доллар бонус алган.