Ошто негизги көчөлөрдүн бирине кайрадан асфальт басылып, пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда мэриядан кабарлады.
Маалым болгондой, аталган көчөнүн Өскөналиев жана Осмонов көчөсүнө чейинки аралыгы оңдоп-түздөөгө муктаж болуп турган. Калыбына келтирген соң кайра пайдаланууга берилди.
Жолдун кызыл тасмасы кесилип, калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев жана шаар тургундары жаңыдан асфальт басылган жолдон басып өтүштү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан