Жалал-Абад шаарына 5200 орундуу спорт сарайынын курулушу башталды

Бүгүн, 22-июнда Жалал-Абад шаарына 5200 орундуу спорт сарайынын курулушу башталды. Курулуштун капсуласын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев салды. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
"Жаңы спорт сарайы мурдагы “Айти” базардын ордуна салынып жатат. Ал көп функционалдуу болуп, эл аралык турнирлерди өткөрүүгө, машыгууга бардык шарттар түзүлөт. Имарат үч бөлүктөн туруп, чоң спорттук аянтча, олимпиадалык стандарттагы бассейини болот. Кошумча сыртында 200 орунду унаа токтотуучу жайы курулат", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия быйыл эгемедик күнүн утурлай Жалал-Абадда Бокс академиясы пайдаланууга берилип, бир топ спорттук мекемелер оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткандыгын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан