Кыргызстан Улуу Британиянын туризм индустриясындагы эң престиждүү сыйлыктардын бири болгон Wanderlust Travel Awards-2025 сыйлыгына көрсөтүлдү.
Өлкө өнүгүп келе жаткан мамлекеттер категориясында тизмеге кирди. Жеңүүчүлөргө добуш берүү азыр ачык жана 2025-жылдын 17-октябрына чейин созулат. Шилтеме менен кирип добуш берүүгө болот.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи 5-ноябрда Лондондогу Улуттук галереяда өтүп, анда саякат дүйнөсүндөгү алдыңкы басылмалардын бири болгон Wanderlust Magazine окурмандарынын сүйүктүү туристтик жерлерин жарыялайт. Wanderlust Travel Awards сыйлыгы 24-жыл катары менен өткөрүлүп, эл аралык аудитория боюнча жыл сайын эң жагымдуу туристтик багыттарды аныктайт.
Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүү фонду бул эл аралык добуш берүүдө өлкөнү колдоого чакырат.