АКШнын президенти Дональд Трамптын АКШ Конгрессинин макулдугусуз Иранга сокку уруу чечими импичмент үчүн негиз болгон олуттуу мыйзам бузуу болуп саналат. Бул тууралуу кечээ, 22-июнда конгрессмен Александрия Окасио-Кортес билдирди.
"Президенттин Иранды уруксатсыз бомбалоо боюнча катастрофалык чечими Конституцияны жана Конгресстин согуштук ыйгарым укуктарын одоно бузуу болуп саналат. Бул импичмент үчүн абсолюттук жана так негиз болуп саналат",- деп жазган ал өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасына.
Айта кетсек, 21-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордоу, Натанз жана Исфаханга сокку урган.