Кечээ, 22-июнда Астанада кичинкей учак кулап, эки адам каза болду. Кырсык аэродромдун аймагында болгонун Казакстандын Транспорт министрлиги билдирди.
"Жоламан" аэродромунун аймагында машыгуу маалында TL-2000 үлгүсүндөгү жеңил учак менен авиакырсык болду. Учак жеке адамга таандык. Алдын ала маалыматтар боюнча, бортто эки экипаж мүчөсү болгон, экөө тең каза болду",- деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.
Авиакырсыкты иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнү айтылат.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө