Кытай, Орусия жана Пакистан Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө АКШнын Иранга каршы кол салуусун айыптаган резолюциянын долбоорун таратышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Документте АКШнын Ирандагы эл аралык уюм тарабынан көзөмөлдө турган өзөктүк объекттерге жасаган соккулары катуу айыпталат. Бул соккулар дүйнөлүк тынчтык жана коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурат деп баса белгиленген.
Орусия, Кытай жана Пакистан атышууну дароо жана сөзсүз түрдө токтотууну талап кылышып, бардык тараптарды эл аралык укукка ылайык, карапайым жарандарды коргоого чакырышты. Пекин, Москва жана Исламабад бул маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөшүп, Ирандын тынч максаттагы ядролук программасын кепилдөө үчүн көп тараптуу жана бир тараптуу бардык санкцияларды алып салууну сунушташты.
АКШ 22-июнга караган түнү Ирандагы үч ядролук объектке – Натанс, Фордо жана Исфахан шаарларындагы жайларга сокку урду. Бул соккулар Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөгөнүнө бир жумадан ашык убакыт өткөндөн кийин болду.
АКШ президенти Дональд Трамп бул чабуулдун максаты - Тегерандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн чектөө экенин айтты. Ак үй башчысынын айтымында, уран байытуучу негизги объекттер толугу менен жок кылынды.
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет операциянын натыйжасында Ирандын өзөктүк программасы "жок кылынганын" ырастады. АКШ Иранды тынчтык келишимине келүүгө чакырып, бирок жооп иретиндеги аракеттер болсо – жаңы соккулар болот деп коркутууда.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тегеран өз кызыкчылыгын өзүн-өзү коргоо укугу аркылуу сактап каларын билдирди.
Соккудан кийин Иран бийлиги: АКШ чабуул жасаган Фордо, Натанс жана Исфахан шаарындагы үч өзөктүк объект буга чейин эле эвакуацияланганын маалымдашты.
"Обого чыгарылган уран запастары өзөктүк борборлордон чыгарылган. Алар ошол жайларга сокку урган күндө да, элге зыян алып келчү радиациялык материалдар ал жакта калган эмес",- деп билдирди Иран мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагасынын орун басары Хасан Абедини.
"Иран Фордо объектине чабуул болорун алдын ала билген, ошондуктан ал объект мурда эле эвакуацияланган жана келтирилген зыян олуттуу эмес",- деди Иран парламентинин төрагасынын кеңешчиси Мехди Мохаммади.