Тышкы иштер министри Кыргызстандын Иран-Израил чатагы боюнча позициясын билдирди

Өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Иран-Израил жаңжалынын курчуп баратканына жана Газа тилкесинде болуп жаткан кайгылуу окуяларга Кыргызстандын терең тынчсыздануусун билдирди.

Министр 21-июнда Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин "Өзгөрүп жаткан дүйнөдө Ислам кызматташтык уюму" урааны астында өткөн 51-сессиясында сөз сүйлөп жатып жаңжалдар аймактык коопсуздукка жана бүтүндөй эл аралык туруктуулукка абдан терс таасирин тийгизерин белгилеген.

"Буга байланыштуу ал кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча биргелешкен күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи жана жаңжалды жалаң тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө бекем тынчтыкты орнотуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

Сессиянын катышуучуларына Кыргызстан чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн каражаты катары диалогду жактай турганын жана ар кандай чыр-чатак эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, биринчи кезекте БУУнун Уставынын негизинде сүйлөшүү үстүндө саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек экендигине бекем ишенерин кайталады",- деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Ошондой эле Кулубаев Кыргызстан аймактык кызматташтыкты чыңдоого салым кошууга, кызматташуунун жаңы эффективдүү форматтарын табууга жана ошол эле учурда эки тараптуу жана көп тараптуу форматта түрдүү глобалдык таасир борборлору менен активдүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенип жаткандыгын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан