Биз социалдык тармакта

Суу ташкыны үйгө кирип... Нарында сел жүрдү (видео)

Нарында нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүп, 45 короону, эки турак үйдү каптады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, кечээ, 22-июнда Нарын каналынын деңгээли көтөрүлүп, андан ашкан суу Ак-Коргон тилкесинин Рыскулов көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдү каптады. Өз учурунда 10 турак үйдүн короо жайы, анын ичинен 1 турак үйдүн ичине кирген сел суулар толугу менен тазаланды.

Бүгүн, 23-июнь күнү жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Нарын шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жана селдин кесепеттерин жоюуга куткаруучулардан жана тийиштүү мекемелердин кызматкерлеринен 43 жаран жана 3 техника тартылды.

Нарында сел жүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан