АКШ Ирандын өзөктүк объекттерине жасаган чабуулу үчүн жооп бериши керек. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирди. Бул маалымат Иран президентинин расмий сайтында жарыяланды.
"АКШ бизге чабуул жасады. Эгер силер ошондой абалда болсоңор, эмне кылмаксыңар? Табигый түрдө, алар өз агрессиясына жооп алышы керек",- деди Иран президенти.
Маалыматка ылайык, Франциянын лидери Пезешкианга Париждин Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларды токтотуу үчүн аракет көрүүгө даяр экенин жана Тегеран менен диалогду улантууну көздөп жатканын билдирген.
АКШ 22-июнга караган түнү Ирандагы үч ядролук объектке - Натанс, Фордо жана Исфаханга сокку уруп, бул чабуул дүйнөлүк коомчулук тарабынан терс реакция жаратты. Орусия АКШнын Ирандагы ядролук объекттерге чабуулун катуу айыптап, бул кадам эл аралык укукту, БУУнун уставын жана Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын одоно бузганын билдирди. Ошондой эле Москва МАГАТЭден бул окуяга адилеттүү реакция күтөрүн белгиледи.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш АКШнын чабуулун аймактагы кооптуу чыңалуунун күчөшү жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукка түздөн-түз коркунуч деп атады.