Ирандагы бардык өзөктүк объекттер талкаланды. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Truth социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
"Спутниктен алынган сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай Ирандагы бардык өзөктүк объекттерге монументалдуу зыян келтирилген. Жок кылуу - бул туура термин. Эң чоң зыян жер деңгээлинен бир топ төмөн болду",- деп белгиленет анда.
Эске саклсак, 21-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордоу, Натанз жана Исфаханга сокку урду.