Орусияда 16 жаштагы кыздын өлүмүнө таякеси айыпталууда

Орусиянын Краснодар аймагында 16 жаштагы жээнин өлтүрүүгө шектелип кармалган адам кызды зордуктаган деп айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кыз 19-июнда 41 жаштагы таякеси менен бирге сапарга чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Алар коңшу айылдагы таякесинин үй-бүлөсүнө конокко кетип, ошол бойдон дайынсыз болгон. Кыздын апасы милицияга кайрылган.

Айыпталуучу жаран кызды издөөгө ыктыярчылар менен бирге катышкан. Кармалгандан кийин ал сапар учурунда жээни менен акчанын айынан чырдаша кеткенин айтып берди.

"Айыпталуучу токой тилкесине унааны токтотуп, кызды зордуктап, андан соң аны муунтуп өлтүргөн",- деп билдирет тергөө комитети.

Мындан кийин сөөктү токойго катып, качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан