Баракелде! Кыргызстандык гимнаст кыз Злата Аркатова Болгарияда тарых жаратты

Жаш спортчу Злата Аркатова Болгарияда өткөн Дүйнөлүк көркөм гимнастика боюнча чемпиондукта булавалар (атайын спорттук шайман) менен машыгууда өспүрүмдөр арасында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу эл аралык гимнастика федерациясынын расмий сайты кабарлады.

Аркатова алтын медалга ээ болсо, экинчи орунду Египеттен барган Фарида Бахнас алды. Эки мамлекет тең бул мелдеште алгач ирет медаль утту. Мурдагы мелдештерде медаль албаган өлкөлөр да бар, алардын катарын Кыргызстан да толуктайт.

"Бул ийгилик көп жылдык эмгектин, берилгендик жана машыктыруучу Жаңыл Каймазарова менен хореограф Гүлнар Мамыркулова баш болгон кесипкөй жетекчиликтин жемиши",- деп билдирди Аркатова машыгып жаткан "Ак Барс" көркөм гимнастика клубу.

Эскерте кетсек, аталган дүйнөлүк чемпиондук 18-22-июнь күндөрү Болгариянын София шаарында болуп өттү.

Злата
23.06.11
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан