Бишкекте Айыл чарба министрлиги менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму биргелешип айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө системин ишке киргизүү боюнча семинар өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара аталган уюмдун Техникалык кызматташтык программасынын алкагында уюштурулуп, агроазык-түлүк тармагын санариптештирүүгө жана продукциянын сапаты менен коопсуздугун камсыздоого багытталды. Систем продукциянын жолун фермерден баштап керектөөчүгө чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, жарандардын ишенимин арттырып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.
Семинарга министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана уюмдун адистери катышып, системдин максаттары, ишке ашыруу этаптары жана күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.
Долбоор мамлекеттик "АгроСмарт" мекемеси менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда. Ал техникалык иштеп чыгуу жана системаны улуттук деңгээлде киргизүү иштерин жүргүзөт.
Көзөмөлдөө системи пилоттук аймактарда жана айрым продукция түрлөрүндө сыноодон өткөрүлүп, андан соң республика боюнча кеңири колдонууга сунушталат.