Сахалинде аюу кол салып, эки адам каза болду

Орусиянын Сахалин облусунда жапайы аюу адамдарга кол салып, эки киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Южно-Сахалинсктеги “Үч бугу” скульптурасынын жанында болгон. Жабыркагандардын бири "Тез жардам" унаасында баратып каза болгон. Жырткыч кол салган жерден алыс эмес аймактан дагы бир адамдын сөөгү табылды. Дагы эки жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөнү айтылат.

Учурда Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренесинин 3-бөлүгү боюнча көзөмөл жана алдын алуу органдарынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголгону маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан