Бишкектеги Достук айылы жарыктандырылды (фото)

"Бишкексвет" ишканасы Достук айылында көчө жарыктандыруу иштерин бүтүрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна кирген Достук айылында көчө жарыктандыруу иштери ийгиликтүү аяктады.

Долбоордун алкагында адистер 280ден ашык заманбап чырактарды орнотуп, 10 миң метрден ашуун өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым тартышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Достук айылында көчө жарыгы болгон эмес. Жергиликтүү тургундар кечки убакта жарыктын жоктугуна байланыштуу коопсуздук маселелерине жана жүрүп-турууга болгон тоскоолдуктарга нааразы болуп келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан