МАГАТЭ АКШнын Иранга сокку урушу боюнча чукул жыйын өткөрдү

АКШ Ирандагы өзөктүк объекттерге чабуул жасагандан кийин Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Башкаруу кеңеши чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жыйында сүйлөгөн МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Мариано Гросси, азырынча дипломатия аркылуу маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин баса белгилеп, болбосо күч жана кыйроо куралдуу кагылышууга алып келиши мүмкүн экенин, анын кесепеттери элестете албай турган даражага жетерин эскертти.

Гроссинин айтымында, 13-июнда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи ага кат жөнөткөн. Катта Иран өзүнүн өзөктүк жабдуулары менен материалдарын коргоо үчүн өзгөчө чараларды көрө турганын билдирген.

Гросси жооп иретинде мындай чаралар тууралуу маалыматтар МАГАТЭ менен макулдашууларга ылайык милдеттүү түрдө агенттикке билдирилиши керектигин эскерткен.

Иран МАГАТЭ кызматкерлеринин абалды баалоосу үчүн өзөктүк объекттерге кирүүсүнө уруксат бериши үчүн, биринчи кезекте согуштук абал токтошу зарыл. Иран өзүнүн өзөктүк материалдарын коргоо максатында өзгөчө чараларды көрө алат, бирок бул чаралар эл аралык келишимдерге ылайык болушу керектигин кошумчалады ал.

МАГАТЭ да, башка тараптар да Фордо шаарындагы өзөктүк объекттин жер астындагы бөлүгүнө келтирилген зыянды толугу менен баалай албайт.

"Чабуулда колдонулган жарылуучу заттардын көлөмүн эске алганда, абдан олуттуу зыян келтирилгени болжолдонууда",- деди Гросси.

Ошондой эле Иран МАГАТЭге өзүнүн үч өзөктүк объекттеринде сырткы чөйрөгө чыккан радиациянын деңгээли өзгөрбөгөнүн маалымдаган. Башка объекттерде да азырынча өзгөрүү байкалган эмес.

Гросси МАГАТЭ инспекторлорунун коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон уюштуруулар жүргүзүлгөнүн айтып, бул багыттагы кызматташтыгы үчүн Иран бийлигине ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан