Бүгүн, 23-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Төрт-Күл айылында жайгашкан Чек ара кызматынын №2053 аскердик бөлүгүнүн жаңы аскер шаарчасынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында чек арачыларга кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды. Аскердик шаарча атайын багыттагы "Бөрү" отрядына таандык болуп, заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалды.
Жаңы аскердик шаарчанын курамына төмөнкүлөр кирет:
Шаарчанын өзгөчөлүгү - улуттук элементтердин интеграцияланышы. Бул жерде улуттук күрөш аренаcы жана улуттук стили менен жабдылган эс алуу жайлары жайгашкан. Мындан тышкары, чек арадагы куралдуу жаңжалдарда курман болгон аскерлердин урматына арналган мемориалдык комплекс да курулган.
"Чек арачылардын кызмат орду мамлекет үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алардын кызматтык жана жашоо шарттарын жакшыртуу - өлкө башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө. Биз сиздерге мамлекеттин чек арасын коргоо боюнча милдеттериңиздерди ар-намыс менен аткарасыздар деп ишенебиз",- деди Ташиев өз сөзүндө.