
Өзгөчө кырдаалдар министри
Бообек Ажикеев Нарын шаарында кечээ, 22-июнда болгон сел кырсыгына байланыштуу шашылыш жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Министр жыйында сел сууларынан жабыркаган турак үйлөрдү, короо-жайларды жана ички чарбалык жолдорду аныктап, тезинен калыбына келтирүү, сел калдыктарынан тазалоо иштерин ылдамдатууну талап кылды. Ошондой эле топтолгон сууларды сордуруу, шагыл таштарды чыгаруу үчүн керек болгон инженердик техникаларды даярдыкта уюштурууну буйруду.
Министрдин орун басары Эделбек Кулматов жеринде абал менен таанышып, жергиликтүү элдин арыз-кайрылууларын угууда. Атайы комиссия түзүлүп, жабыр тарткан тургундар такталып, тиешелүү кеп-кеңештер берилүүдө.
Алдын ала маалыматка ылайык, сел 45 турак үйдүн короо-жайын каптап, 2 турак жайдын ичине кыян суулары кирген. Алардын ичинен 14 турак жай мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандырылган. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси баш болуп, жалпы 30 куткаруучу иш алып барууда.