Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым мамлекеттик жана аскердик кызматкерлери Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин сыйлыктары менен сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, сыйлыктар 23-июнь – Мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө жана 15-июнь – Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын күнүнө карата тапшырылган.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүүгө, реформалоого маанилүү салымын кошкондугу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги төш белгиси, ошондой эле Ардак грамотасы ыйгарылды.
Министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси, генерал-майор Бообек Ажикеевдин куттуктоосун жеткирип, сыйлыктарды тапшырды.