Бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын атынан ЕАЭБ сотунун судьясы болуп дайындалган Кыдык Жунушпаев ант берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Жунушпаев салтанаттуу түрдө ЕАЭБ сотунун судьясынын антын окуду. Ант берүү процедурасы кызматка расмий киришүү катары эсептелет.
Эске салсак, Кыргызстандын өкүлү бул кызматка 16-июндагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин чечимине ылайык келген.