Бүгүн, 23-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарына жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат. Адылбек Касымалиев панелдик сессияда “Бир алкак, бир жол” демилгеси кайда баратат?” деген темада сөз сүйлөйт.
Форумдун алкагында Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Вьетнам Социалисттик Республикасынын премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле жумуш сапардын алкагында бир катар ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулары да пландалууда.