Франциядагы Диснейлендде 9 жаштагы кызга үйлөнүүгө аракет кылган деп 22 жаштагы Улуу Британиянын жараны кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 9 жаштагы кыз үй-бүлөсү жана болжол менен 100дөй конок менен иш-чарага келишкен. Муну байкаган парк кызматкерлери дароо полиция чакырышкан.
Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери шектүү делген Улуу Британиянын жаранын жана кыздын украиналык 41 жаштагы энесин камакка алышкан. Прокуратура тараткан билдирүүгө ылайык, төрт адам кармалып, суракка алынган.
Окуя боюнча кылмыш иши козголгону тастыкталды.