Нигердеги террордук чабуул: 71 адам каза болду

Нигердин Тиллабери аймагындагы Манда айылына белгисиз куралчан террордук топ кол салып, 71 жай тургун курман болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кол салуу намаздан кийин мечиттин короосунда чогулган жамаатка карата жасалган. Натыйжада 71 адам мерт болуп, дагы 20дан ашуун адам жаракат алды.

Бул аймак буга чейин да террордук чабуулдарга кабылып келген. Март айында эле Фамбита айылындагы мечитке жума намаз учурунда чабуул жасалып, 44 киши каза болгон.

Маалымат үчүн: Тиллабери шаары - Нигер, Мали жана Буркина-Фасо өлкөлөрүнүн чектешкен жеринде жайгашкан. Бул аймак 2017-жылдан бери террордук уюмдардын бутасына айланып, үзгүлтүксүз чабуулдар болуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан