Катар Ирандын соккуларына жооп берүү укугун сактайт

Катар Ирандын өлкөдөгү америкалык Аль-Удейд аскердик аба базасына жасаган соккусуна жооп берүү укугун жокко чыгарбайт. Бул тууралуу Катардын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Маджид бен Мухаммед аль-Ансари билдирди.

"Биз Катар мамлекетинин бул күч колдонууга жооп берүү укугун сактап калганын тастыктайбыз. Бул жооп агрессиянын мүнөзүнө жана масштабына туура келиши керек жана эл аралык укукка ылайык жүргүзүлөт",- деп жазды ал X социалдык тармагында.

Аль-Удейд базасынын кызматкерлери алдын ала эвакуацияланганын жана сокку учурунда эч ким жабыркабаганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Иран Катардагы америкалык аскердик базаны "Жеңиш кабары" деген операция менен соккулаганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан