Бавариядагы Бромбах көлүндө сом балыгы эс алуучуларга кол салып, бир нече адам жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуя суу сактагычтын жанында өткөн Burning Beach фестивалы учурунда болгон. Салмагы болжол менен 90 килограмм, узундугу дээрлик эки метр болгон чоң балык иш-чаранын беш катышуучусуна кол салды.
Жабырлануучулар жеңил жаракат алышты. Окуя болгон жердеги тартип сакчысы кызматтык куралы менен балыкка үч жолу ок чыгарган.
Бирок бул кадам жаныбарлардын укугун коргоочу активисттердин нааразычылыгын жаратты. Алардын айтымында, балык жумурткаларын коргогон. Бавариянын мамлекеттик балык уулоо ассоциациясынын өкүлдөрү гумандуураак чечимди сунушташты. Алар көлдүн бир бөлүгүн сүзүү үчүн убактылуу жабуу керектигин айтышкан.
Бирок эксперттер балык өмүргө коркунуч туудурбаса да, анын жасаганы күтүүсүз болгонун жана тартип сакчысынын аракети негиздүү экенин баса белгилешти.