Нарын облусунун Ат-Башы районунуда аялын коркутуп, үйдү өрттөп жиберүүгө аракет кылган жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалым болгондой, 22-июнда Ат-Башы айылынын 1989-жылы туулган А. уулу К. аттуу тургуну мас абалында жубайын бычак менен коркутуп, үйдүн ичине жана жубайынын үстүнө бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракет кылды. Ал ширеңке издеп сыртка чыккан учурда аялдын туугандары келип, 102 кызматына кабар берип, кырсык милиция тарабынан өз убагында токтотулду.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүү жаран камакка алынды.
Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.