Блог: Мен көргөн Анталья: күн, деңиз, тарых жана сезимдер

Бул жолу Түркиянын эң кооз жана туристтер сүйгөн шаары - Антальяга болгон саякатым тууралуу баяндап бергим келди. Бул сапар мага жаратылыш менен жуурулушкан шаардын сулуулугун көрүп, чыныгы укмуштуу окуяларга күбө болууга мүмкүнчүлүк берди.

Анталья - Түркиянын түштүк жээгинде жайгашкан, дүйнөнүн түрдүү бурчунан келген саякатчыларды өзүнө тарткан эң кооз жана популярдуу туристтик багыттардын бири. Кылымдарды карыткан тарыхый жайлар, көгүлтүр деңиз, алтын түстүү пляждар, таза аба жана жогорку деңгээлдеги туристтик тейлөө - мунун баары Антальяны дүйнөлүк деңгээлдеги эс алуу борборуна айланткан.

Бул аймак байыркы доорлордон бери ар кандай цивилизацияларга мекен болгон жер. Бул жерде римдиктер, византиялыктар, селжуктар жана осмондор өз белгилерин калтырышкан. Шаардын тарыхый борбору - Калеичи деп аталган тар көчөлөрү, кооз отелдери жана тарыхый үйлөрү менен туристтерди өзүнө тартып турат. Ал эми Хадриан дарбазасы - римдик император Хадриандын урматына салынган. Аспендос амфитеатры болсо дүйнөдөгү эң жакшы сакталып калган байыркы театрлардын бири.

Анталья Түркиянын эң чоң облустарынын бирине кирет. Облуста 19 район бар. Алардын айрым аймактары, тагыраагы туристтик жайлары тууралуу кыскача айта кетейин.

Облустун борбор шаары болгон Анталья шаары - тарыхый жайлар менен заманбап доордун айкалышкан шаары болуп эсептелинет. Шаардагы сөзсүз көрүүчү болгон жайлар:

Караалйоглу паркы - деңиз жээгиндеги чоң парк. Бул жерде жайкы кечтерде сейилдөө, күндүн батышын көрүү үчүн эң мыкты жер.

Анталья археологиялык музейи - бул музейде Памфилия, Ликия жана Перге сыяктуу байыркы доорго таандык табылгалар, скульптуралар, зер буюмдар жана байыркы эстеликтер коюлган. Түркиядагы эң ири жана байыркы музейлердин бири.

Коньяалты – шаар борборуна жакын, тоолорду караган, таштуу пляж. Бул жерде жандуу музыка менен кафе-ресторандар басымдуулук кылат. Пассивдүү эс алууну каалагандар үчүн сунуш кылат элем.

Лара – кумдуу жээк, люкс мейманканалары менен белгилүү.

Анталья аквариуму - Европадагы эң чоң туннелдүү аквариумдардын бири. Балыктар, акулалар, тропикалык жаныбарлар бар. Балдар жана үй-бүлө үчүн идеалдуу. Деңиз жаныбарлары менен таанышууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Түнектепе - асма жол менен тоого чыгып, Антальяны жогору жактан көрүүгө болот. Тоо үстүндөгү көрүү аянтчасы туристтердин сүйүктүү жайы.

Йивли - 13-кылымда курулган осмон доорундагы мечит. Антальянын символдорунун бири.

Анталья облусунун түштүк-чыгыш тарабында Аланья, Манавгат, Сиде, Серик, Белек аттуу шаарларда туристтер жыл бою, айрыкча жайында абдан активдүү келишет.

Аланья шаары - бул жайкы эс алуу үчүн эң сонун жер. Шаарда көптөгөн кумдуу пляждар, анын ичинде дүйнөгө белгилүү болгон Клеопатра пляжы, ошондой эле тарыхый жерлер, мисалы, XIII кылымдан калган Аланья кальеси жана Кызыл мунарасы (Кызыл куле) бар. Шаар ошондой эле үңкүрлөрү, археологиялык жайлары жана кооз жаратылышы менен бай.

Аланья кальеси - XII кылымда курулган тарыхый калаа. Шаардын эң бийик жеринде жайгашкандыктан, кооз панорамалык көрүнүштөрдү сунуштайт. Калаанын дубалдары менен сейилдөө, байыркы мечиттерди көрүү мүмкүнчүлүгү бар.

Кызыл мунара - XIV кылымда салынган мунара, Аланьянын символу болуп саналат. Музей катары кызмат кылат, тарых жана деңиз темасына байланыштуу экспонаттар жайгашкан.

Клеопатра пляжы - Аланьядагы эң белгилүү, кооз пляж. Тазаланган кум, тунук суу жана ыңгайлуу инфраструктура бар.

Дамлаташ үңкүрү - Клеопатра пляжынан жакын аралыкта жайгашкан, кооз сталактит-сталагмиттер (айрым үңкүрлөрдө кездешүүчү таш сымалдар) менен таанымал үңкүр. Дем алуу ооруларын дарылоодо колдонулган атайын абасы бар.

Теркепе-капа - табигый көл жана тоо жээгиндеги жаратылыш аймагы. Жөө басуу, спорт менен машыгуу жана пикник жасоо үчүн идеалдуу жай.

Коралай кеме экскурсиялары - күн сайын көптөгөн кеме турлары уюштурулат. Деңиз үстүндө сейилдеп, пляждарга, үңкүрлөргө, байыркы шаарларга барууга мүмкүнчүлүк.

Аланья археологиялык музейи - аймактан табылган тарыхый табылгаларды көрүүгө болот. Археология, этнография жана тарых боюнча экспонаттар бар.

Патара пляжы - Аланьядан бир аз алысыраак жайгашкан, Түркиянын эң узун жана таза пляждарынын бири. Жаратылышты жана тынчтыкты сүйгөндөр үчүн сонун жай.

Аланьяда туристтер үчүн кызык болгон көрүүчү жайлар эсептесең түгөнбөчүдөй. Эң жакшысы өзүңүз барып, көрсөңүз эстен кеткис элестерди калтырат.

Манавгат шаары болсо чоң дарыя, андагы шаркыратмасы менен кызык. Дарыя суусу абдан муздак, бирок туптунук, шаарга өзгөчө көрк берип, кайык саякатына, суунун жээгинде эс алууга жана рафтинг менен алектенүүгө ыңгайлуу. Ал эми кооз шаркыратмасы да туристтер көп келчү жайлардын бири. Ысык аптапта бул жерде сейилдөө менимче эң туура чечим болот.

Манавгат районуна караштуу Көпрүлү капчыгайында рафтинг сүйүүчүлөр чогулат. Качыгайды бойлой Көпрүчай дарыясы агып өтөт. Мына ушул дарыяда күнүнө жүздөгөн туристтер рафтинг жасашып, андан соң капчыгайдын ичинде зип-лайн менен алектенишип, квадроцикл жана жип турларга барышат. Бул жер Антальянын эң активдүү, кызыктуу жана эс алуу менен спортту айкалыштырчу жерлеринин бири.

Сиде - Манавгатка жакын жайгашкан бул археологиялык аймак - Рим доорунун театрлары, храмдары жана тарыхый урандылары менен белгилүү. Аймактын аталышы байыркы грек тилинде "анар" дегенди билдирет. Шаардын тарыхы мындан 2000 жылдан ашык убакытка барып такалат. Аны гректер негиздеген, кийин Рим империясы доорунда чоң соода жана деңиз порту болгон.

Аполлон храмы - жээкте жайгашкан тарыхый храм - Сиденин символу. Күндүн батышын карап турган антикалык колонналары сүрөткө түшүү үчүн эң мыкты жай.

Антик театр - 15 миң кишиге ылайыкташкан бул байыркы театр - Рим доорунун архитектуралык керемети. Бүгүнкү күндө да концерттер жана маданий иш-чаралар өтөт.

Сидедеги музей эски рим мончосунда жайгашкан. Бул жерден байыркы таштан, жыгачтан, металлдан жана башка материалдардан жасалган адамдын же жаныбардын формасын чагылдырган кол өнөрчүлүктөрдү, көркөм чыгармаларды, керамикаларды жана археологиялык табылгаларды көрүүгө болот.

Белек шаарында таза пляждар, эс алуучу жана көңүл ачуучу жайлар көп. Бул аймактагы мага эң жакканы Дисней стилинде салынган The Land of Legends аттуу мейманкана. Бул жакта күн сайын ар түрдүү кечки жана күндүзгү шоулар, концерттер болуп турат. Андан сырткары балдар үчүн жана чоңдор үчүн аттракциондор, аквапарк бар. Кызыгы, мейманканада калбаган коноктор үчүн да эшиги ачык. Концерт же шоуга катышуу үчүн же аттракцион жана аквапарктарына кирүү үчүн өзүнчө төлөм жасап кирүүгө болот.

Антальянын чыгыш жээги - Аланья, Манавгат, Сиде жана алардын айланасындагы кооз, туристтерди өзүнө тартып турган жайлар менен өзгөчөлөнөт жана алар тууралуу кеңири токтолуп, баяндап өттүм. Бул аймактарда жаратылыш кереметтери, тарыхый мурастар жана активдүү эс алуу мүмкүнчүлүктөрү айкалышып турат. Деңиз жээгиндеги алтын кумдар, байыркы урандылар жана адреналинге толгон рафтинг сыяктуу таасирлер байкаганыңыздардай Антальянын чыгышын өзгөчө кылат.

Ал эми кийинки чыгарылышта Антальянын батыш жээги тууралуу кеңири баяндап берем. Себеби бул аймак чыгыш жээгине салыштырмалуу таптакыр башкача атмосфераны тартуулайт. Түндүк тараптагы зайтун бактары, бийик тоолор, көгүлтүр деңиз жана сырдуу жаратылыш менен айырмаланат. Ар бир бурчу өзүнчө дүйнө. Андыктан Антальяны толук сезүү үчүн анын бардык тараптарын таанып чыгуу зарыл.

Антальядагы күн батымы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан