Клубдар арасындагы чемпиондукта сенсация: Месси ПСЖга каршы ойнойт

АКШда өтүп жаткан клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күтүүсүз окуялар болду. Тайпалык баскычтан кийин испаниялык "Атлетико Мадрид" жана португалиялык "Порту" командалары турнирден чыгып калышты. Ал эми Лионель Месси ойногон америкалык "Интер Майами" командасы ПСЖ менен беттешмекчи.

Маалым болгондой, "Атлетико Мадрид" Бразилиянын "Ботафого" клубун 1:0 эсебинде утту. Бирок алар топтук этаптан чыгуу үчүн кеминде 2 гол айырма менен утушу керек болчу. Ошол себептенбир гол жетишсиз болуп, "Атлетико" турнирден чыкты.

Португалиянын "Порту" клубу Египеттин "Аль-Ахли" командасы менен 4:4 эсебинде тең чыгып, турнирден четтеп калды.

Ал эми француз клубу ПСЖ "Сиэтлди" 2:0 менен утуп, тайпада биринчи орунду ээледи.

Башка бир тайпада "Интер Майами" менен Бразилиянын "Палмейрас" командасы 2:2 эсебинде тең чыкты. Бул жыйынтык экөөнө тең кийинки баскычка өтүүгө жол ачты.

Эми Месси ойногон "Интер Майами" ПСЖ менен беттешет. Бул өзгөчө оюн болот, анткени Месси мурда ПСЖда 2 жыл ойногон. Бул беттеш 29-июнда болот.

Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу АКШда 15-июндан баштап өтүүдө, оюн 14-июлга чейин уланат. Жалпысынан 32 команда катышууда. Бул турнир тарыхта биринчи жолу ушунча көп команда менен өтүп жатат. Алар 8 топко бөлүнүп, плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшүүдө. Турнирдин жалпы байге фонду – 1 миллиард доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан