Министр Нурдан Орунтаев Нарын облусундагы курулуштар боюнча жеке пикирин билдирди.
"Бүгүн социалдык тармактарда Нарын облусу каралбай калды деген пикирлер боюнча жеке оюмду айтууну туура көрдүм. Эске салсам 1991-жылдан баштап 2020-жылга чейин Курулуш министрлиги тарабынан капиталдык салымдар беренеси боюнча болгону 83 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
2021-2024-жылдары президенттин тапшырмасы менен 3,6 миллиард сом сарпталып, 65 жаңы курулуш объекттери бүткөрүлгөн. Ал эми 2025-жылга карата республикалык бюджеттен Нарын облусундагы социалдык объекттерди куруу жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча бүгүнкү күндө 92 объектиге 921 миллион сом бөлүнүп берилип, жумуштар жүргүзүлүүдө. Бул сумма 6 айдын гана жыйынтыгы.
Анын ичинде: Курулуп жаткан - 11 мектеп, 12 бала бакча, 3 саламаттык сактоо, 1 маданият үйү, 1 спорттук комплекс жана 4 административдик имарат бар. Капиталдык оңдоодо – 24 мектеп, 3 бала бакча, 1 маданият уйу жана 1 спорт комплекси бар. Аталган ар бир объект урматтуу Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат жана Нарын облусу каралбай калды деген пикирге дал келбейт",- деди Орунтаев.