Бүгүн, 24-июндан баштап Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча жарандарды күнү-түнү, эс алуу жана майрам күндөрүнө карабай үзгүлтүксүз кабыл алат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
"Эми шаар тургундары Москва көчөсү 71 дарегиндеги кеңсеге ишемби, жекшемби күндөрү дагы келип, ОСАГО полисин оңой ала алышат. Бул калктын өсүп жаткан муктаждыгына жана мыйзам талаптарына ылайык ишке ашырылууда",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2025-жылдын 1-июлунан тартып камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 3000 сом айып пул салына баштайт.