Бала комада... Аэропортто чоочун киши 2 жаштагы наристени жерге катуу ыргытып жиберди

Орусиянын "Шереметьево" аэропортунда чоочун киши тааныбаган 2 жаштагы наристени көтөрүп туруп жерге катуу ыргытып жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Окуя 23-июнда аба майданынын багажды кабыл алуу бөлүгүндө болгон. Кылмышка шектелип Беларустун 31 жаштагы жараны кармалды. Бул факт боюнча “Жашы жете элек баланы өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эки жашар бала учурда комада, абалы оор. Омурткасы жана баш сөөгү сынып, башынан жабык жаракат алганы айтылат.

24.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан