Венесуэлада 25 жаштагы блогер Габриэль Хесус Сармиенто Родригес TikTok`тун түз эфиринде атып өлтүрүлдү.
El País билдиргендей, окуя жекшемби күнү кечинде блогердин Арагуа штатынын Эль-Пиньонал аймагындагы үйүндө болгон.
Интернет желесине тараган видеодон жардам сурап, ыйлап жаткан аялдын үнүн угууга болот. Блогер бөлмөгө кирип барганда куралчан адамдар аны 3-4 жолу аткан.
Чет элдик басылмалар 76 миң катталуучусу бар Сармиенто полиция кызматкерлеринин жана кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн арасындагы коррупция тууралуу материалдарды активдүү жарыялап келгенин белгилейт.