Жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги Жумабек көчөсү Раззаков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
"Учурда эски асфальтты сыйруу, дүмүрлөрдү жулуу иштери жүрүп жатат. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин бул тилкеге жаңы жол салынып, жолдун эки тарабына тротуар курулуп, ирригация системи болот",- деп айтылат маалыматта.