Аскер прокуратурасы 26 миллион сомду ыйгарып алуу боюнча кылмыш ишин козгоду

Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринде жүргүзүлгөн текшерүүдө расмий документтерге туура эмес маалыматтарды киргизүү менен аскер кызматчылардын эмгек акысына жана башка төлөмдөргө арналган 23 миллион сом акча каражатын ыйгарып алуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, автотранспорт каражаттарынын тетиктерин жеткирүүгө төлөөнүүчү 3.3 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын да ыйгарып алышканы тастыкталган.

Бул акча каражаттары аскердик кызматка тиешеси жок адамдардын банктык эсептерине которулуп, натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 26,3 миллион сом зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан